Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров «Манастын уулу Семетей» тасмасы боюнча үн катты

Кыска кабар | 13 Авг 2021 | 581 | 0

Бүгүн, 13-августта президент Садыр Жапаров «Манастын уулу Семетей» көркөм тасмасынын тартылышы боюнча Фейсбук баракчасына билдирүү жасады.

Төмөндө билдирүүсүн толук келтиребиз:

«Урматтуу мекендештер!

«Манастын уулу Семетей» көркөм тасмасынын тартылып жаткандыгы боюнча билдирүү берип коеюн деп чечтим. Анткени менин атым да аталып жатат.

Кинорежиссёр Өмүрзак мырза менин кабыл алуумда болгону анык. Кино тартайын деп жатам деген идеясын айткан. Иштейм деген жараныбызды иштебе деп кантип тыям?

Бирок ошол эле мезгилде бир шарт койгом.

«Бул тема жөнөкөй тема эмес. Ошондуктан, тасманы тартып бүткөнүңүздөн кийин манасчыларды, аксакал-көксакалдарды, тарыхчыларды, кыскасы, өнөр адамдарынын баарын бир залга чогултуп алып, биринчи көрүп чыгалы. Кемчиликтери болсо толукташсын, аша чапкан жери болсо алып салышсын. Андан кийин анан чыгарасыз. Болбосо чыгарбайсыз», — деген шарт койгом.

Сабырдуулук кылып күтө тургула.

Ар нерсенин өзүнүн убагы келет», — деп жазылган билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM