Биз менен байланышыңыз

Нур-Султанга Манастын, Бишкекке Абайдын эстелиги тургузулат  

Кыска кабар | 14 мая 2021 | 638 | 0

«Бишкек башкы архитектура» муниципалдык ишканасынын жетекчиси, Бишкектин башкы архитектору Марат Жороев Казакстандын Маданият жана спорт министрлигине караштуу Маданият жана искусство башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтык келишиминин аткарылышы, мамлекеттер аралык мамиленин келечеги талкууланды. Ошондой эле казак тарап ушул келишимдин алкагында каралган Казак эл акыны Абай Кунанбаевдин айкелин Бишкек шаарына орнотуу маселесине кызыгышты.

Айта кетсек, 2013-жылдын 15-ноябрында Бишкек шаардык мэриясынын «Казак эл акыны Абайдын эстелигин орнотуу жөнүндө» №345 токтому чыккан. Ага ылайык, борбордогу «Театральный» сейил багынан атайын орун бөлүнүп берилген.

Ошол эле учурда эки тараптуу келишимдин алкагында Казакстандын Нур-Султан шаарына Манастын айкелин тургузуу пландалып жатканы, анүчүн Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сынак жарыялай турганы маалым болду.

Жыйынтыгында айкелдерди тургузуу ушул жылдын күз айларына белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM