Биз менен байланышыңыз

Дөөлөт Сыдыков: Атам, эже, байкелерим да «Манас» айткан

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Ноя 2020 | 855 | 0

Манасчы Дөөлөт Сыдыков «Маралга» берген маегинде чоң атасы да, өз атасы да «Манас» айтканын билдирди.

«Атам эл аралап чыкпаса да, Тоң өрөөнүндө «Манас» айтып жүргөн киши болгон. Эки эжем, байкелерим да «Манас» айткан. Талаада, ээн жерде басканда Манас атабыз, баатырлар чыга калчудай коркчумун. Бир майрамда мага «Манас» айт дешти. Чыгып «ээй…» десем эле эч нерсе жок, анан ыйлап ийдим. «Болду, болду» деп, көтөрүп алып кетишти», — дейт манасчы.

Анын айтымында, арадан бир жума өтүп-өтпөй Саякбай Каралаев түшүнө кирип, «Манас» айтып берип: «Балам, Манасты ушинтип айтып жүр», — деген.

«Андан кийин Манас атабыз, кырк чоролор, Каныкей энебиз, Бакай жана Кошой аталарыбыз, Семетей, Күлчоро, Канчоро, Коңурбай баатырлар түшүмө кирип, ошондон кийин «Манас» айтып калдым», — деди Сыдыков.

Ушул жылдын 12-ноябрында Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт 51 секунд «Манас» айтып, дүйнөгө рекорд койгон.

Copyright © 2017 Maral FM