Биз менен байланышыңыз

«Эгер «Манас» жоголсо, кыргыз кошо жоголот»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Ноя 2020 | 589 | 0

Кыргыз элинин кылымдардан бери жоголбой келатканынын сыры — «Манаста». Бул тууралуу манасчы Дөөлөт Сыдыков «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Жерибизди алып берген да Манас атабыз болгон. Сүйлөп аткан тилибиз да, башыбыздагы калпагыбыз да, үстүбүздөгү кийимибиз да, төрөлгөндөн өлгөнгө чейинки ырым-жырым, каада-салтыбыз да, деги койчу баары Манас атабыздын доорунан калыптанган. Эгер «Манас» жоголсо, кыргыз жоголот. «Манас» — биздин кутубуз, ооматыбыз. Ошондуктан байыркыбыз да, азыркыбыз да, келечегибиз да — «Манас». Кыргыз кандай кыйынчылык болсо да, «Манас» деген ураан менен сакталып келген элбиз. Азыр эл-жер кантип сакталат деген коркунуч турат. Эл катары сакталып калалы десек, кайра эле «Манаска» кайрылабыз», — деди Сыдыков.

Анын айтымында, турмуш-тиричиликке, каада-салтка киргизилбесе, алар жаш муунга жеткирилбесе, «Манасты» терең жайылтуу кыйын болот. «Манастын» тили бай, бир эле мисал бут кийимдин кырктан ашык түрү айтылат. 500дөн ашык жер-суунун аталыштары бар. Аларды азыр да колдонууга болот.

Copyright © 2017 Maral FM