Биз менен байланышыңыз

12-ноябрда Дөөлөт Сыдыков Гиннес китебине каттатуу үчүн «Манас» айтат

Кыска кабар | 5 Ноя 2020 | 712 | 0

Бишкекте 12-ноябрда манасчы Дөөлөт Сыдыков «Гиннес» рекорддор китебине кирүү үчүн «Манас» айтат. Бул тууралуу уюштуруу тобу маалымдады.

Маалыматка ылайык, иш-чара 12-ноябрь, саат 09:00дө борбордук «Ала-Тоо» аянтында башталат. Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун «Манас» айтуусуна ыңгайлуу болуусу жана жалпы элге көрүнүп туруусу үчүн аянтка бийиктиги жана узун-туурасы беш метр келген айнек боз үй тигилет. Андан тышкары, келген элге толук угулуусу үчүн атайын үн күчөтүүчү аппараттар коюлат.

Дөөлөт Сыдыков бир нече жолу манасчылардын кароо-сынак, фестивалдарында байгелүү орундарды багындырып келген. Ал буга чейин 12-13 саат токтобой «Манас» айткан учурлары болгон.

Copyright © 2017 Maral FM