Биз менен байланышыңыз

«Акындар өспөй калдык, изденүү аз»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Мар 2021 | 854 | 0

Төкмө акын Баян Акматов «Маралга» берген маегинде акындын мааниси мамлекет үчүн абдан зор экенин билдирди.

Анын айтымында, акындык өнөр — өтө татаал өнөр. Андыктан мамлекет акындарга көз салып, ким төкмө, ким жамакчы, ким акындыкка талапкер экенин иликтеп чыгышы керек.

«Муну баса белгилеп айтуу керек. Кээ бирөө чыга калып эле «мен акынмын» дейт. Арзан саптар менен катардагы адамдар деле ырдай берет. Акындык оңой эмес. «Курандагы» 114 сүрөнүн бир сүрөсү — акындар тууралуу. Демек, акындын жүгү, милдети өтө көп. Тарыхты карасак, журт башчылардын жанында дайым акындар жүрүп, аларга акыл айтып турган», — дейт Акматов.

Ал белгилегендей, акындар жаңыланууга муктаж, жаңы кайрыктарды иштеп чыгуусу зарыл. Кыргызстанда жылына бир жолу айтыш өткөрүлгөндүктөн, төкмө акындар да өспөй келет. Мындан улам айтыштар байма-бай өтүп турушу керек.

Copyright © 2017 Maral FM