Биз менен байланышыңыз

Төкмө акындар аймактарды кыдырат

Кыска кабар | 23 Янв 2021 | 1867 | 0

«Айтышкер» төкмө акындар тобу 1-февралдан тарта аймактарды аралап «Көтөр башты улутташым, кандашым» аттуу айтыш-концерт өткөрөт. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, төкмө акын Баян Акматов «Марал» радиосуна билдирди.

Анын айтымында, айтыш-концерт Балыкчы шаарынан башталат. Андан соң Тоң, Кочкор, Нарын райондорунун борборлорунда өтөт. Аталган айтыш-концертти Ат-Башы, Жумгал райондоруна да өткөрүү пландалган, бирок айрым себептер менен уюштурулбай калды.

«Шайлоо, пандемия  болуп, эл депрессияга түшүп кетти. Анан элди аралап, аттанып, айтылган жерлерге барып, калктын маанайын көтөрөлү деп чечтик. Бир жагынан элдин маанайы, экинчи жагынан саясатты, вирусту айтпай, баарына жакшы маанай тартуулап көңүлүн көтөрөлү деп жатабыз. Сөзсүз түрдө элибиздин батасын алсак, бийиктикке жетебиз деген ойлор менен баратабыз», — дейт Баян Акматов.

Ушул эле айтыш-концертти орозо айынын алдында Бишкек шаарына да коюу мерчемделип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM