Connect with us

«Маданияттын маанилүүлүгүн президент да, өкмөт да билбей жүрөт»

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Мар 2021 | 1081 | 0

Журналисттер саясатчыларды коомго маданият өкүлдөрү катары көргөзүп жаткандай. Мындай пикирин төкмө акын Баян Акматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, чыныгы маданият инсандарын эл унутуп баратат. Маданияттын маанилүүлүгүн президент да, өкмөт да билбей жүрөт.

Акматов «Айтышкер» төкмө акындар тобунун аймактарды аралап өткөргөн «Көтөр башты улутташым, кандашым» аттуу айтыш-концерти тууралуу да айтып өттү.

«Бизди жакшы кабыл алышты, бирок саналуу адамдар. Эстрада жаатына 100 киши кетсе, 10у бизге келет. Айтыш-концерттен жакшы нерселерди таптык. 2020-жылы гана эл аралаган жокпуз. Маданият министрин убара кылбай эле өзүбүздүн моюндагы милдет катары өрөөндөрдү кыдырып жүрөбүз. Булардын баарын кылган — жаштар. Алар жеке эле көрүүчү болбостон, уюштуруучу да болуп жатышат», — дейт Акматов.

Маалыматка ылайык, айтыш-концерттерине өзгөчө чет жакта жүргөн мекендештер демөөрчүлүк кылып келет. Бирок кезектеги саамалыкты уюштуруучулар өздөрү каржылашкан.

Төкмө акындар аймактарды кыдырат

Copyright © 2017 Maral FM