Биз менен байланышыңыз

Кыргыз эл акыны Сапарбек Касмамбетовдун 85 жылдыгы белгиленет

12-апрелде Кыргыз Эл акыны, манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетовдун 85 жылдыгына арналган «Асыл мурасты уланткан залкар манасчы» аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана эл аралык илимий конференция Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага мамлекеттик, коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданияттын, илимдин кызматкерлери, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана студенттер катышат.

Сапарбек Касмамбетов — учурдагы манасчылардын аксакалы. Анын айтуусундагы «Манас» эпосу англис тилиндеги субтитри менен атайын диск болуп чыккан. Эпосту оозеки айтуу менен бирге, айткандарын кагазга түшүрө билгендиги жагынан башка манасчылардан айырмаланып турат. Бир нече китептин автору. Мамлекеттик жана эл аралык бир нече сыйлык-наамдын лауреаты. Бир канча ирет коомдук уюмдар тарабынан да «Ардак грамоталар», сыйлык-наамдар менен сыйланган. Төкмө акындар жана манасчылар арасында өткөн бир нече кароо-сынак, фестивалдардын жеңүүчүсү.

Copyright © 2017 Maral FM