Connect with us

Суучул куткаруучулар кырсыкка канчалык туруштук берет?

Коом | 10 Июл 2019 | 858 | 0

Жыл башынан бери өлкө аймактарында 70тен ашуун адам сууга чөгүп көз жумган. Алардын катарында жаш балдар да бар. Адам өмүрүн алган кырсык учурда Ысык-Көлдүн жээгинде да катталууда. Андыктан, жайкы туристтик мезгилге карата пляждагы куткаруучулар коопсуздукту канчалык сактай алышарын иликтеп көрдүк.

«Кырсык — каш-кабактын ортосунда» дегендей, жайкы көлгө түшүү мезгилинде ар бир эс алуучу өзүнө этият болуусу зарыл. А биз болсо, туризмдин чордону болгон Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Алтын кум» (Золотые пески) пансионатына караштуу пляжга баш бактык.

Көлдүн жээги адаттагыдай эле Кыргызстандын 7 дубанынан жана Орусия, Казакстан сыяктуу башка мамлекеттерден келген эс алуучуларга жык толгон. Учурда сууга түшүүдөгү эрежелерди сактоо боюнча түшүндүрмө жүргүзүп жаткандарын андагы суучул куткаруучу Мезгил Жантаев айтып өттү.

— Биз көл жээктеги эс алуучуларга сууга түшүүнүн эрежелерин айтып турабыз. Сууда сүзгөндү билбегендер биринчи кезекте өзүнүн коопсуздугун ойлошу керек. Ал үчүн жанына жилет, баллондорду алып алуусу зарыл. Экинчиден, көлгө кирерден мурун суунун температурасын байкап, адегенде колу-бутун салып, денени көндүрүүсү шарт. Себеби, көпчүлүк эс алууулар дароо эле көлгө түшүп кеткен учурда, колу-буту тырышып калат. Сууга чөгүп кетүүнүн себеби да — ошондон. Ал эми үчүнчүдөн, тереӊдикке коюлган чектен ашып өтпөө керек.

«Алтын кум» пансионатына караштуу пляждын аймагы 8 гектардан ашат. Ушунча кенен аймакты болгону 2 гана суучул көзөмөлдөйт. Негизинен дагы 7-8 куткаруучу жетишпейт. Ошого байланыштуу көл үстүндө жүрө турган унаалар жээкте эркин коюлган. Андагы эмгектенгендердин бири Темирлан Султаналиев бул эс алуучуларга техникалык зыян алып келбей турганын, тескерисинче, кошумча жардам берүүгө көмөкчү болорун билдирди.

— Бул жакта болжолдуу түрдө 15ке жакын суу унаалары иштейт. Ар биринин өзүнүн чек коюлган ордулары бар. Эгерде баарын бир жерге топтоп алсак, кардарлар бир же эки гектар жерге басып барышпайт. Ошондуктан, ар бир 300 метр сайын скутер, катерлер турат. Албетте, эс алуучуларга зыянын тийгизбей, 200 метр тереӊдиктеги эл жок жерге жүрөбүз. Эгерде кандайдыр бир көлгө чөгүү кырсыгы катталса, дароо жетип барып, куткаруучуларга да көмөк көргөзөбүз.

Ал ортодо мурдатан бери көлдүн жээгинен эс алып жүргөн меймандар өздөрүн тобокелге салып жаткандарын айтышса, алгачкы келген коноктор Ысык-Көлдүн кооздугуна суктанып, коопсуздук жаралбашына ишенишет. Алар бир гана жакшы ойлордун үстүндө.

— Мен Баткен облусунан Ысык-Көлгө биринчи жолу келип жатам. Аба ырайы — туруктуу, көлдүн жылуулугу, керемети мени кубандырды. Бекеринен, «Ысык-Көл — кыргыз бермети» деп айтылбаса керек.

— Биз үй-бүлөбүз менен Сокулук райнунан атайын эс алууга келдик. Жылдагыга салыштырмалуу элдин саны азыраак. Мурда отурганга орундуктар да жок калчу. Ал эми көлгө түшүү эрежелерин көзөмөлдөгөндөр анчейин байкалбайт. Кырсык катталбай эле койсун.

— Мен досторум менен Алматыдан биринчи жолу келдим. Чындыгында, «Ысык-Көл — Кыргызстандын ажары, жүзү» десем жаӊылышпайм. Бир гана кемчилик — ашкана, тазалык жана коопсуздук боюнча тейлөө шарттарын жакшыртуу керек.

Ошентсе да, ар бир эс алуучу сак болуусу керектигин ѲКМ куткаруучулары эскертет. Анткени, калк көп жайгашкан Ысык-Көл районундагы 139 пляждын 15 %ында суучулдар жетишсиз. Учурда 75 куткаруучу көзөмөл жүргүзсө, жакынкы күндөрү дагы онго жакын куткаруучу менен толукталары күтүлүүдө. Андыктан, эс алуучулар тыюу салынган жэктерге жолобой, жабдылган аймактарга баруусун жарандык коргоо боюнча райондун жетекчиси Алмаз Дүйшеев өтүнөт.

— Аныктоолор боюнча, көпчүлүк кырсыктар өзүн туура эмес алып жүрүүдөн келип чыгууда. Жарандар кайсыл жакта тереӊ, кайсыл жак тереӊ эмес экенин билбей туруп, чоочун жерге барышат. Мас абалында түшүп да кырсыктын курмандыгы болууда. Андан сырткары, кайыктар менен алыс жакка барып сууга секирип, кайыгы алыстап кетип, сууга чөккөндөр да жок эмес.

Copyright © 2017 Maral FM