Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көл: 12 жаштагы бала «Банан» кайыктан учуп көз жумду

Кыска кабар | 6 Авг 2019 | 635 | 0

Ысык-Көл облусунун Бостери айылында 12 жаштагы өспүрүм бала эс алуу учурунда “банан” үйлөнмө кайыгынан учуп кетип каза болду. Окуя кечээ болгонун облустук ички иштер башкармалыгы бүгүн кабарлады.

“Мүрөк” пансионатында 12 жаштагы бала көпчүлүк болуп үйлөнмө кайыкка отурушкан. Аны тартып бараткан катер чукул бурулганда бала катердин моторуна урунган. Өспүрүм дароо Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча Мамлекеттик экотехинспекция текшерүү жүргүзүп жатат. Анын корутундусунун негизинде жоопкерчилик боюнча чечим кабыл алынат”, — дейт облустук милиция.

Маркум өспүрүм үй-бүлөсү менен жеке сектордо эс алган деп айтылам маалыматта.

Copyright © 2017 Maral FM