Биз менен байланышыңыз

Мукар Чолпонбаевдин сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду

Кыска кабар | 25 мая 2020 | 1639 | 0

Бүгүн, 25-майда Бишкек шаарында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев акыркы сапарга узатылып, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Акыркы сапарга узатуу зыйнатына туугандары, достору, кесиптештери, анын ичинде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, Президенттин аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев, Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов келди.

Мукар Чолпонбаев кечээ, 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирус инфекциясынан каза болду. Ал ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган. Кечээ 12:10до көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан каза тапты.

Мукар Чолпонбаевдин өмүр-таржымалы

Чолпонбаев Мукар Шалтакович 1950-жылы 29-мартта Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районунун Өрүктү айылында туулган.

1976-жылы Кыргыз улуттук университетинин «Юриспруденция» кесиби боюнча билим алып, 1976-1984-жылдары Чолпонбаев Мукар Шалтакович Фрунзе шаарынын Биринчи май районунун прокуратурасында тергөөчүлүк кызматтан өзүнүн эмгек жолун баштап, андан кийин Кыргыз транспорт прокуратурасында ага тергөөчү, Кыргыз ССРнин прокурорунун өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүсү болуп иштеген.

1984-1991-жылдары Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин президиумунун юридикалык бөлүм башчысынын орун басары жана башчысы кызматын аркалаган.

1991-жылы Жогорку Советтин депутаты болуп шайланган.

1991-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын сот жана мыйзам чыгаруу бийлигинин байланышы боюнча бөлүм башчы, Чүй облусунун юстиция башкармалыгынын башчысы болуп эмгектенген.

1993-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Юстиция министри болуп иштеген.

1995-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, ал эми 1995-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төрагасы болуп шайланган.

М.Чолпонбаев жогорку билим берүү тармагында окутуучулук ишмердүүлүгүн улантып,  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде кафедра башчысы, 2000-жылдан бүгүнкү күнгө чейин юрист-адвокат, «Мукар жана профи» аттуу юридикалык-консалтинг компаниясынын директору болуп эмгектенди.

Көп жылдык жана үзүрлүү эмгеги үчүн Чолпонбаев Мукар Шалтаковичке Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Юстициянын 3-даражадагы мамлекеттик кеңешчиси наамдары  ыйгарылган.

Чолпонбаев Мукар Шалтакович дасыккан юрист катары Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн, мамлекеттүүлүгүнүн негизин түзгөн мыйзамдарды даярдоого, өлкөнүн көз карандысыздык декларациясын жарыялоо процессине активдүү катышкан. Ал  эгемендүү мамлекетибиздин алгачкы Конституциясын жазууга тажрыйбалуу укукчу катары да түздөн-түз катышкан.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышына жана бекемделишине, өлкөнүн парламенттик системасынын, укуктук негизинин калыптанышына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер катары анын ысымы Кыргызстандын тарыхында калат.

“Марал” радиосу маркумдун жакындарына көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM