Биз менен байланышыңыз

Маркстын Лондондогу кабырына кол салуу болду

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Фев 2019 | 646 | 0

Коммунизмдин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон Карл Маркстын Лондондогу Хайгейт көрүстөнундөгү жайына кол салуу болгон. Бул тууралуу «Хайгейт көрүстөнүнүн достору» коомдук фондунун өкүлдөрү билдиришти.

Алардын айтымында, бирөөлөр атайын курал менен келип, Маркстын кабырынын башында турган эстелигин ургулаган. Натыйжада анын өмүр баяны жазылган тактай тешилип, жазуулары окулбай калган.

«Бул Макска душман болгон бирөөлөрдүн кара ниеттүү иши. Биз эстеликтин жабыркаган жерин дароо калыбына келтиребиз»,-деди фонддун өкүлү Иен Дангвелл.

Окуя кабарлангандан кийин Лондон полициясы абалды карап, жаңы маалыматтар чыкканга чейин ишти жаап турууну чечишти.

Эске салсак, бул Маркстын кабырына карата алгачкы кол салуу эмес. Ал 1881-жылы Хайгейт көрүстөнүнө коюлуп, 1956-жылы расмий түрдө ачылган. 1970-жылы болсо уюшкан топ анын кабырын боёк менен сүртүп, бомба жардырууга аракет кылышкан. Карл Маркс атеисттик көз караштагы философиялык трактаттары менен белгилүү.

Copyright © 2017 Maral FM