Биз менен байланышыңыз

Алиев: Көрүстөндөр тирүү кишилерге сатылбай калды

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Дек 2018 | 983 | 0

Кыргызстанда тирүү кишилерге көрүстөндөн жер сатуу фактылары токтогон. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин жетекчиси Аскербек Алиев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын жай айларында Бишкектеги көрүстөндөргө инвентаризация жасалган. Алдын ала сатылган жерлер такталып, акты түзүлүп документтер прокуратурага өткөрүлүп берилген. Учурда мүрзө сатуу боюнча коррупцияны жоюу иштери жүрүп жатат.

1998-1999-жылдары жобонун негизинде Түштүк-Батыш көрүстөнүндө каза боло элек жаранга алдын ала жерлер берилген. Ошол кезде көбүнчө башка улуттагы адамдарга жерлер берилген. Кийин 2000-жылы жобо жокко чыгарылган.

«2016-жылдары көрүстөндө жерлер алыдан ала сатылган. Азыр андай факты жок. Анын үстүнө жер да калган жок. Маркумду көмүүдө ортомчу болгондор бар экен. Азыр аларды жатабыз. Ар бир бир көрүстөндө 15тей киши иштейт. Алар кабыр казып кызмат кылышат»,-дейт Алиев.

Маалыматка ылайык, маркум каза болгондо 3-4 суткага боз үй тигип берүү 8 миң сом, маркумду унаа менен ташуу саатына 600 сом. Ал эми Cadillac унаасы 2380 сом. Сөөктү ташуу саатына 576 сом. Каза тапкан адамдарды көмүү үчүн жер бекер берилет. Бирок кабыр казган кызматкерлерге акы төлөнөт.

«Мусуламандар үчүн жерди 7450 миң сомго, ал эми башкаларга 5800дөй сомго казып беребиз. Анткени мусулмандар үчүн 10 метр квадрат жер казылса, европа улутундагыларга 5 метр квадрат жер берилет. Муркумдун туугандары жерди өздөрү каза албайт»,-дейт Алиев.

Copyright © 2017 Maral FM