Connect with us

УКМК: Айдоо жерлерди мыйзамсыз саткан жаран кармалды

Кыска кабар | 14 Дек 2021 | 1163 | 0

Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча И.Г. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

УКМК Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 10-декабрда И.Г. аттуу жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындан тышкары бул ишке тиешеси бар башка адамдын жашаган жери жана иштеген жери боюнча тинтүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында 1000ден ашык жер тилкесине (үлүшкө) жеке менчик жөнүндө күбөлүктөрдүн жаңы бланкалары, паспорттордун көчүрмөлөрү, ар бир мыйзамсыз өзгөртүлгөн айыл чарба жерлеринин расмий жана азыркы ээлеринин тизмелери табылган.

Мурда бул факт боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Х, анын шериги М.С, ошондой эле Кара-Суу районунун «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчилери Б.Б. жана Ш.С. кармалган болчу.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM