Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн төмөндөттү

Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 701 | 0

Улуттук банк акыркы 8 ай ичинде биринчи жолу эсептик чен өлчөмүн 0,25 пайызга төмөндөттү. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов маалымат жыйынында билдирди. Ушул тапта эсептик чен өлчөмү 4,5 пайыз деп бекитилди.

Абдыгулов белгилегендей, 2019-жылдын башынан бери инфляциянын деңгээли төмөн болуп, ички рыноктогу баалар 0,7 пайызга арзандаган.

Улуттук банк 2019-жылы инфляциянын көлөмү 3 пайыздын тегерегинде болорун болжолжоодо. Ошол эле учурда экономиканын негизги багыттарындагы өсүү темпи сакталат.

Кошумчаласак, 2018-жылы өлкөгө которулган акчанын суммасы 5,5 пайызга өскөн. Реалдуу айлык маяна 3,8 пайызга жогорулаган.

Copyright © 2017 Maral FM