Биз менен байланышыңыз

Интернационал айылынын башчысы барымтадан чыгарылды

Кыска кабар | 1 мая 2021 | 784 | 0

Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев тажик тараптагы барымтадан чыгарылды. Учурда ооруканадан дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүүдө. Бул тууралуу айылдашы Акжол билдирди.

29-апрелде Интернационал айылынын тургундары Исфанага качкан учурда айылдын бир бөлүгү болгон «Жилой домдогу» өрттөлүп жаткан үйлөрдү өчүрүү үчүн төрт адам артка кайтып, тажик жарандары алардын экөөсүн атып ташташкан болчу. Мына ошол 2 жарандын өлүгүн алып чугууга сүйлөшүүгө барган айыл башчысын тажиктер туткундап, өздөрүнүн өлкөсүнө алып кирип кетишкен.

Бүгүн, 1-майда мына ошол эки жарандын сөөгүн тез жардам кызматы келип алып чыгышкан. Алардын сөөгү бүгүн саат 14:00гө жакын жерге берилди.

Copyright © 2017 Maral FM