Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Тажикстанга жөнөп кетти

Кыска кабар | 1 мая 2021 | 630 | 0

Бүгүн, 1-майда саат 15:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.

Кошумча күчтөрдү жана мүлктөрдү чек арадан алып кетүү боюнча эки тараптуу келишимдерди бузуу менен, тажик тарап аскерлерин жана оор аскер техникаларын Кыргызстан менен чек ара тилкесине алып барууну улантууда.

Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылынын аймагында тажик тарап өтүп бара жаткан унааларды мезгил- мезгили менен аткылап турат.

Саат 13: 35те Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Тажикстандын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Тажикстанга жөнөп кетти.

Copyright © 2017 Maral FM