Connect with us

Кенияда суу ташкынынан 169 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Май 2024 | 609 | 0

Кенияда тынымсыз жааган жаандан улам суу ташкындап, бир нече аймакта жер көчкүлөр катталды, учурда дайынсыз жоголгондордун саны көбөйүүдө.

Жалпысынан Кенияда өткөн айдан бери нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындарынан кеминде 169 адам каза болду.

Президенттик аппараттын маалыматы боюнча, 190,000ден ашуун адам, анын ичинде баш калаа Найробиде 147,000 тургун үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Анын айтымында жакынкы күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында дагы катуу жаан жаашы күтүлөт.

Кениянын президенти Уильям Руто Жер көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда жашаган жарандарга аймактан чыгып туруусун суранады. Ошондой эле ал аскер кызматкерлерине дайынсыз жоголгондорду табууга жардам берүүнү тапшырганын билдирди.

Кенияга кошуна малекеттер Танзания менен Бурундиде да нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу ташкыны пайда болуп, анын кесепетинен ондогон адамдар көз жумду, жүз миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушту, окумуштуулар климаттын өзгөрүшү катуу жана экстремалдык аба ырайынын себептерин жаратып жатканын айтышты.

Кенияда өткөн жылдын аягында болгон суу ташкынынан кеминде 120 адам каза болгон. Жаан-чачындар Чыгыш Африкада акыркы ондогон жылдардагы эң катуу кургакчылыктан кийин болуп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM