Биз менен байланышыңыз

Баткен, Ош, Кара-Суу округундагы шайлоонун алдын ала жыйынтыктары

Кыска кабар | 28 Апр 2024 | 613 | 0

Бүгүн, 28-апрелде бир мандаттуу үч округда мөөнөтүнөн мурда ЖК депутаттыгына шайлоо болуп өттү. №2 Баткен шайлоо округу, №7 Ош шайлоо округу жана №9 Кара-Суу шайлоо округунда добуш берүү кечки саат 20:00дө аяктады.

Үч округдан 30дай талапкер катышты. Алардын арасынан бирөө гана аял. Шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусу төмөн болгонун БШК билдирди. Эң активдүү катышуу Баткен шайлоо округунда катталса, эң аз добуш берүү Ош шайлоо округунда катталды.

Учурда шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча алгачкы маалыматтар жарыяланды.

Кара-Суу шайлоо округунда 36,16% добуш менен Илимбек Кубанычбеков алдыга чыкты.

Ош шайлоо округунда Бекмурза Эргешов алдыда. Ал 43,80% добуш алган.

Баткен шайлоо округу боюнча 41,51% добуш менен Бактыяр Калпаев алдыга чыккан.

(Илимбек Кубанычбеков, №9 Кара-Суу шайлоо округу)

(Бекмурза Эргешов, №7 Ош шайлоо округу)

(Бактыяр Калпаев, №2 Баткен шайлоо округу)

Copyright © 2017 Maral FM