Биз менен байланышыңыз

Таласта ишкер айымдарга 200 миң сомдук техникалык колдоо көрсөтүлөт

Кыска кабар | 1 мая 2024 | 628 | 1

30-апрелден 2-майга чейин Талас шаарынын «Канат-Ата» ресторанында «Талас облусундагы айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында тандалып алынган 30 ишкер айымга окуутуулар башталды.

3 күндүк окутууда ишкер айымдар Ишкердикти колдоо борборунун консультанттары тарабынан ишкердик, укуктук сабаттуулук, бизнес-пландоо, финансылык менеджмент, маркетинг жана товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү боюнча окутуудан өтөт.

Жыйынтыгында ишкер айымдар өздөрүнүн бизнес-планын презентациялап, мыкты жыйынтык көрсөткөн 20га жакын ишкер айымга жыл ичинде 200 000 сомго чейин накталай эмес техникалык колдоо берилет.

Гранттык программа ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан, «Чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында JIA Бизнес Ассоциациясы жана Ишкердикти колдоо борбору менен биргеликте ишке ашырылууда.

Программанын максаты – Талас облусундагы ишкер айымдарга финансылык эмес колдоо көрсөтүү аркылуу айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү.

1 пикир

1 пикир

  1. Анара

    01.05.2024 19:43

    Аябай кубанычтуу кабар экен.
    Озгочо элет жериндеги кыз-келиндер учун,ойлогон ой максаттарын ишке ашыруу учун,ушундай долбоорлорго барып окуп уйронсо болот экен.Азыркы жашообуздун татаал шартында,ишкер айымдарга жакшы оболго тузуп бергениниздер учун ыраазычылык билдирем

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM