30-апрелден 2-майга чейин Талас шаарынын «Канат-Ата» ресторанында «Талас облусундагы айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү» долбоорунун алкагында тандалып алынган 30 ишкер айымга окуутуулар башталды.
3 күндүк окутууда ишкер айымдар Ишкердикти колдоо борборунун консультанттары тарабынан ишкердик, укуктук сабаттуулук, бизнес-пландоо, финансылык менеджмент, маркетинг жана товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү боюнча окутуудан өтөт.
Жыйынтыгында ишкер айымдар өздөрүнүн бизнес-планын презентациялап, мыкты жыйынтык көрсөткөн 20га жакын ишкер айымга жыл ичинде 200 000 сомго чейин накталай эмес техникалык колдоо берилет.
Гранттык программа ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси тарабынан, «Чакан жана орто бизнести колдоо аркылуу бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү» долбоорунун алкагында JIA Бизнес Ассоциациясы жана Ишкердикти колдоо борбору менен биргеликте ишке ашырылууда.
Программанын максаты – Талас облусундагы ишкер айымдарга финансылык эмес колдоо көрсөтүү аркылуу айымдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү.
1 пикир