Биз менен байланышыңыз

Нарында окуучулар сууну сарамжалдоо үчүн «Гидрогель» колдонушууда

Коом | 30 Апр 2024 | 555 | 0

Дүйнө калкынын саны өсүшү, акыркы учурдагы экологиялык өзгөрүүлөрдүн аркасында суунун тартыштыгы жаралууда. Кыргызстанда сугат жерлерге суу жеткирүү да, маселе болуп келет. Аталган көйгөйгөйдү эске алып, Нарын районуна караштуу Түгөл уулу Усупбек атындагы инновациялык орто мектебинин окуучулары сууну сарамжалдоо үчүн Гидрогель колдонуп, аны бак-дарак отругузууда  пайдаланып жатышат.

Гидрогель — сууну сарамжал колдонуу үчүн жана нымдуулукту узак убакытка сактоодо колдонулат. Гидрогель сууну сиңирип, топурак кургаганда өсүмдүктүн тамырына нымдуулукту берет. 9-класстын окуучусу Айдеми Асанованын айтымында, гидрогель беш жыл бою касиетин жоготпойт. Беш жылдан соң зыянсыз бөлүкчөлөргө ажырап кетет. Сууну сарамжалдуу пайдалануу бүтүндөй коомго, экологияга оң таасирин тийгизет дейт.

«Гидрогель термини адабиятта 1849-жылдан баштап эле пайда болгон. Ошондой эле гидрогелдер көчөттөрдүн жашоо деңгээлин жогорулатат, кышында тирүү көчөттөрдү, жылуулукту сүйгөн өсүмдүктөрдү, алыс жакка ташууда колдонуп сактасак болот. Азыр гидрогелди колдонуу менен кайыңдарды эгебиз».

 

Билим берүү жана илим министрлиги менен  «Ага Хан» фонду  тарабынан ишке ашырылып жаткан “Мектептер-2030”  программасынын алкагында, окуучулар компьютердин жардамы менен жыгачтан жасалуучу буюмдардын чиймесин чийип, кийин аны практика жүзүндө ишке ашырышкан.

Экологиялык ийримге катышкан 9-классынын окуучусу Адылхан Эсенгулов классташтары менен бирге, мугалимдин багыты менен тамчылатып сугарууну үйрөнүп, мектептин короосуна тигилген бактарга практика жүзүндө жасап көрүшкөн.

 

«Биз мектептин айланасына жалпы 275 көчөт отургузуп, суу түтүкчөлөрүн орното алдык. Жийде 25 даана, мырза терек 110 даана, мажүрүм тал 100 даана жана кайың 40 даана отургузулду. Бүгүн өзүңүздөр көрүп тургандай келген меймандар менен дагы бир нече көчөттөрдү отургуза алдык. Буюрса жакшы карап баксак, мектептин бакчасы абдан жашыл болот».

Долбоордун алкагында «Сарамжалдуу студент» ийриминдеги  окуучулар табигый тамак-аштарды жасаганды үйрөнүп, туура тамактануу тууралуу маалымат алышкан. Ошондой эле Гүлзада Жангазиева жетектеген «Кайра иштетүү» ийриминде керектөөдөн чыккан материалдарга кайра экинчи жашоо берүүнүн жолдорун үйрөнүшкөн.Башталгыч класстын мугалимдери Гүлсайра Өмүркулова менен Жүзүмкан Аскарова жетектөөсүндө, окуучулар  Оттук, Казан-Куйган айылындагы булактарды изилдешкен.

«Окуучулар, Казан- Куйган жана Оттук айылындагы чоң жана кичине булактарды изилдеп чыгып, даамдарын салыштырышты. Булактарды изилдөөдө окуучулар кыш мезгилинде февраль айында барып кыштын күнү булактардын суусу жылуу болоорун аныкташкан. Ал эми ушул апрель айында булактардын  суусу муздак экенин байкашты».

Билим берүү жана илим министрлиги менен  «Ага Хан» фонду  тарабынан ишке ашырылып жаткан “Мектептер 2030”  программасынын алкагында Нарын районунун Казан-Куйган “Мектептер-2030” аталыштагы он жылдык мөөнөттөгү программаны  ишке ашырууда. Анын алкагында акыркы  үч жылдан  бери  өлкөдө билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, балдардын  дүйнө таанымын кеңейтүүгө салым кошуп келет.

Copyright © 2017 Maral FM