Биз менен байланышыңыз

Грузияда толкундоолор уланууда

Дүйнө , Кыска кабар | 1 мая 2024 | 498 | 0

30-апрелде Грузиянын коопсуздук кызматкерлери Тблисиде кечке жуук парламенттин алдындагы демонстранттарга каршы суу аткычтарды, көздөн жаш чыгаруучу газды жана кулак тундуруучу гранаталарды колдонду. Грузия парламентинин депутаттары «чет элдик агенттер» жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулагандан кийин абал курчуп кеткен.

Айрым маалымат булактарында полиция демонстранттарга физикалык кол салганын, эл полицияга каршы жумуртка жана бөтөлкө ыргытышканын жазып чыгышты.

Грузиядагы эң ири оппозициялык партия болгон Бириккен улуттук кыймылдын лидери Леван Хабеишвили Хка бети кан, көзү көгөргөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Буга чейин күч түзүмүнүн атайын даярдыктагы кызматкерлери демонстранттарды таркатуу үчүн калемпир газы жана таяктарды колдонгон.

Грузин президенти Саломе Зурабишвили «X» телеканалына нааразылык акциялары тынч өттү деп билдирди.

“Грузин кыялы” партиясы жана анын өнөктөштөрү көзөмөлдөгөн парламент чуу менен коштолгон мыйзам долбоорун дагы эки окуудан өткөрүшү керек. Парламенттин 30-апрелдеги сессиясы добушсуз аяктаган, талкуу бүгүн 1-майда күнү уланат.

Мыйзам долбооруна ылайык, каржысынын 20%дан ашыгын чет өлкөдөн алган уюмдар “чет элдик агент” катары каттоодон өтүшү керек.

Грузин саясат талдоочулары аталаган мыйзам долбоорун «Орусиянын мыйзамы» деп атап аны оппозицияны басуу үчүн курал катары колдонуулаарын айтышууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM