Биз менен байланышыңыз

Бала-Саруу ГЭСи толугу менен май айында ишке берилет

Кыска кабар | 29 Апр 2024 | 288 | 0

Бала-Саруу гидро электр станциясынын (ГЭС) Киров суу сактагычына курулуп жаткан үч агрегаты 17-майда ишке берилет. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев кабарлады.

Ал белгилегендей, Бала-Саруу ГЭСи Киров суу сактагычындагы гидроэнергетикалык ресурстарды максималдуу натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. Анткени ГЭС суу сактагыч курулгандан бери колдонулбай келген.

Белгилей кетсек, Бала-Саруу ГЭСи жалпы кубаттуулугу 25 МВт кубаттуулуктагы үч агрегаттан турат. Анын орточо жылдык электр энергиясын иштеп чыгуусу 92 млн кВт саатты түзөт

Copyright © 2017 Maral FM