Биз менен байланышыңыз

Путин кыргыз-тажик жаңжалын чечүүдө ортомчулук кылууга даяр

Кыска кабар | 30 Апр 2021 | 1505 | 0

Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Тажикстандын жаңжалын чечүүдө ортомчулук кылууга даяр. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Журналисттердин: «Кыргызстан менен Тажикстандын жаңжалында Орусия президентинин ортомчулук кылуусу мүмкүнбү?» — деген суроосуна Песков:

«Биздин ЖККУ сыяктуу жана башка түрдүү форматтардагы жалпылыгыбызды эске алуу менен албетте, президент Путин мүчө-өлкөлөрдүн ортосундагы көтөрүлгөн олуттуу көйгөйлөрдү чечүүдө ортомчулук кылууга дайым даяр. Ал бул жөнүндө дайыма айтып келет», — деп жооп берди.

Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы соңку кырдаалга байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова комментарий берген. Ал Москва кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна тынчсыздануу менен байкоо салып турганын билдирген. Жана эки тарапты мындан ары да сүйлөшүүлөрдү улантууга чакырып, Орусия кырдаалды саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө жардам берүүгө даяр экенин маалымдаган.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орнотуп баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыккан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Баткендин Ак-Сай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Мындан сырткары чек арадагы абалга байланыштуу облустук штаб түзүлгөн.

Баткен облусунун чек аралаш аймактарындагы ок атышуудан азыркы учурга карата 134 кыргызстандык жабыркап, 13 адам каза болду. 25 адам атайын учак менен Бишкек шаарындагы ооруканаларга которулду. 86 жаран Баткен облустук ооруканасына жаткырылган.

Copyright © 2017 Maral FM