Биз менен байланышыңыз

Баткен: Жергиликтүү бийлик элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырууда

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 335 | 0

Баткен районунун Тажикстан менен чектеш аймагында орун алган кырдаалга байланыштуу чек аралаш аймактын тургундарына түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.  Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун башчысы Өмүрбек Суваналиев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Ражоббой Ахмадзода бүгүн 29-апрелде чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча эки ирет телефон аркылуу сүйлөштү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн тапшырмасы менен, өкүлдүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана Баткен районунун акими Акылбек Орозов чек арада топтолгон жарандар менен жолугуп, жаралган бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, элге кырдаалды курчутпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Жетекчилер абал күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин айтып, элди үйлөрүнө тарап кетүүгө чакырып жатышат.

Аймакта эки тараптын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да жолугуп, сүйлөшүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM