Биз менен байланышыңыз

Быйыл Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшү өтпөйт

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 300 | 0

Быйыл Бишкек шаарында «Өлбөс полк» жүрүшү өтпөйт. Бул тууралуу аталган иш-чараны уюштуруучулардын бири Зульфира Хайбуллина Фейсбук баракчасына жазды.

Мындай чечимди COVID-19 боюнча республикалык штаб пандемияга байланыштуу чыгарган.

«Бул деген биз көнүп калган жеңиш маршынан өтүү мүмкүнчүлүгүнөн кайра ажырап калдык дегендик. Тилекке каршы, мурункудай жүрүш болбойт. Бирок биз сүрөттү колубузга алып, беткап кийип, аралыкты сактоо менен Өчпөс отко келип, гүл коебуз», — деп жазган.

Эскерте кетсек, былтыр, 2020-жылы коронавирустан улам «Өлбөс полк» жүрүшү онлайн режимде өткөн.

Ал эми Орусияда «Өлбөс полк» жүрүшүн эки форматта өткөрүү каралып жатат. Алгачкысы 9-майда онлайн-форматта, экинчиси 24-июнда реалдуу форматта өтүшү мүмкүн.

Copyright © 2017 Maral FM