Биз менен байланышыңыз

Бишкекте милициянын мото кайгуул кызматы ишке кирди

Кыска кабар | 29 Апр 2021 | 305 | 0

Милициянынын кайгуул кызматы Бишкек шаарынын аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө мото кайгуул кызматы иштеп баштады. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмү билдирди.

Алар авто кайгуул кирбеген парктарга, шаардыктар эс алуучу жайларга чейин кирип, коопсуздук үчүн болгон чараларды көрүшөт. Ошондой эле ар кандай кырдаалга жараша кылмышка шектүү жарандар кабат үйлөрдүн ичине кире качкан учурларда аларды артынан кууп кармашат.

Мото кайгуулда жөө кайгуул жана авто кайгуул сыяктуу эле бардык мүмкүнчүлүктөр берилет. Демек, жол эрежесин бузган унааны токтото алат жана тийиштүү протоколдорду түзө алат. Ошондой эле мото кайгуулда электрондук планшет, рация, мигалка сыяктуу бардык техникалык каражаттар орнотулган.

Эскерте кетсек, Милицияныны кайгуул кызматынын туристтик ротасында атайын атчан взвод да бар. Ал массалык башаламандык учурунда коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп, туристтер келген учурда унаа кирбеген парктарда, эс алуучу жайларда, токойлордо кызмат аткарат.

Copyright © 2017 Maral FM