Биз менен байланышыңыз

Бишкекте демалыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 485 | 0

Бишкекте 24-25-апрелде Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана шаардык муниципалитет тарабынан уюштурулган салтка айланган айыл чарба азык-түлүк жарманкеси өтөт.

Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдиргендей, жарманке эртең мененки саат 10:00дөн тартып өз ишин баштайт.

Жарманкелер төмөнкү даректерде өтөт:

  • Раззаков көчөсү, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн кесилиши;
  • №12 кичи районундагы Нуркамал Жетикашаева жана Ааалы Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилишинде.
  • Төрөкул Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде.

Copyright © 2017 Maral FM