Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда вакцинанын экинчи дозасын алуу башталды

Кыска кабар | 22 Апр 2021 | 532 | 0

Кыргызстанда акыркы бир суткада 1 миң 357 адам вакцина алды. Алардын ичинен 70 адамга экинчи доза сайылды. Өлкө аймагында жалпы 13 миң 552 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин сайтына жарыяланды.

Аймактар боюнча алганда, Бишкекте – 1 292, Ош шаарында – 1 203, Чүй облусунда – 1 421, Ош облусунда – 4 322, Ысык-Көл облусунда – 1107, Талас облусунда – 436, Нарын облусунда – 592, Жалал-Абад облусунда – 2 479, Баткен облусунда – 700 адамга вакцина сайылды.

Эскерте кетсек, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Кытай вакцинасын эки этап менен алуу керек. Эмдөө ыктыярдуу жүргүзүлөт.

Эмдөөнүн биринчи күнү: Алгачкы эмоциялар, күтүлгөн реакциялар

Copyright © 2017 Maral FM