Биз менен байланышыңыз

Эмдөөнүн биринчи күнү: Алгачкы эмоциялар, күтүлгөн реакциялар

Ден соолук , Коом | 29 Мар 2021 | 13677 | 0

Кыргызстанда бүгүн, 29-мартта коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталды. Алгачкылардан болуп вакцинаны Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жана анын орун басарлары алды. Алымкадыр Бейшеналиев эмдөөдөн соң, абалы жакшы экенин айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

«Биринчи алганда ооруду, бирок баары жакшы эле. Ден соолугум жакшы, өзүмдү жакшы сезип жатам. Азыр биринчи вакцина алгандар экинчи эмдөөнү 20 күндөн кийин алат. Кийинки этаптарда кайсы вакцинаны алып келсек, ошол вакцина колдонулат. «Спутник V» вакцинасын сурап жатабыз, башкаларын сурап жатабыз, ким бекер берсе, ошолор менен эмдей беребиз».

Вакцинанын биринчи дозасын берүү Бишкек шаарындагы №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунда жүрүп жатат. Республикалык эмдөө борборунун директору Гульбара Ишенапысова эмдөө ар бир жарандын макулдугун берген формага кол койгондон кийин гана жүрө турганын белгилеп, жалпы эмдөө процесси кандай жүрүп жатканы менен тааныштырды:

«Бир ай мурун окууларыбызды өткөрдүк, ошондой эле биздин буйрук да чыккан. Буйруктун негизинде күтүү залдарын, эмдөө пункттарын ачтык. Азыр бул жакка 5 эле киши киргизишибиз керек болчу, азыр киши көп болуп жатат. Бир күндө биздин медайым 50-60 кишиге чейин эмдөө жасайт. Биринчи киргенде электрондук базага катталып, атайын даярдалган эскертүү баракчаларын алышат. Анан өзүнүн макулдугун берген формага кол койгондон кийин гана врачтарга кирет. Дарыгерлерге кирип, ден соолугунун жалпы абалы боюнча текшерүүдөн өтөт. Сатурациясы, дене табы өлчөнүп, дарыгерлердин суроолоруна жооп берет. Ал жерден картасын алып, андан кийин эмдөө медайымына барат. Карта менен кирүү — эмдөөгө уруксат бар деген белги. 

Гульбара Ишенапысова билдиргендей, биринчи дозаны алгандан кийин, экинчи дозаны кайсы күнү ала турганы боюнча электрондук база автоматтык түрдө пландаштырууга киргизет. Кытайдын «SinoPharm» вакцинасынын экинчи дозасы 21-28 күндүн аралыгында жасалышы керек.

Ошол эле эмдөө пунктунда жарандарды электрондук базага каттап жаткан врач-иммунолог Жылдыз Тынарбекова техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам эмдөө ала тургандарды кайрадан базага киргизип жатканын айтып, бир саат аралыгында 28 дарыгер катталганын билдирди.

«Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам азыр кайрадан каттап баштадым. Ага чейинкилеринин баары формага жазылып калган болчу. Ошолорду эми кайрадан каттап баштадым да. Эмдөө саат 11.00дө башталды эле, азыр 12.00гө карата 28 адам каттоодон өттү. Азыр 29унчу жаран катталып жатат, азырынча жалаң медкызматкерлер». 

Дарыгерлер арасынан баштапкылардан болуп өз ыктыяры менен эмдөө алып жаткан врач-эпидемиолог Арабий Уланбек уулу эмдөөдөн кийинки абалы жана күтүлүп жаткан реакциялары тууралуу оюн биз менен бөлүштү:

«Өзүмдү абдан жакшы сезип жатам. Эч кандай баш ооруп, тердеген жокмун. Эми албетте, алардын алдында кичине толкундануулар болду. Алгандан кийин 30 мүнөт отуруу керек, азыр 10 мүнөтү калды.Ошого кийинип жатам. Абалым жакшы, эч жерим ооруган жок. Эгерде адам оорубайын, оорунун дагы оор формасына өтүп кетпесин десе, вакцина алып коё бериши керек. Ошол эле учурда бул вирусту бир гана эмдөө аркылуу жеңсе болот. Эми эмделген жер кичине ооруйт, ал куруйт, маанайыбыз түшүп, эч нерсе жакпай калышы мүмкүн. Ошолорду күтүп жатам, бул эми күтүлгөн эле реакциялар».

Борбор калаадагы №4 стоматологиянын башкы инженери Төрөхан Дүйшөбаев эмдөөнү өз каалоосу менен, «оору жукпаса экен» деген максатта алып жатканын айтты:

«Вакцина алганда бутуман башыма чейин чымырагандай болду. Башка эч нерсе деле байкалган жок. Баары жакшы эле. Эми дүйнө жүзүндө чыгып жаткандан кийин биз да ишенебиз. Бирок, бардык нерсе Кудайдын колунда, ишенүү керек. «Оорудан сактаналы, оору жукпасын» деген максатта ушул жакка келип жатабыз». 

Бишкек шаардык тез жардам кызматында медайым болуп иштеген Айнура Күмөнова коронавируска каршы вакцина алууну январь айынан бери күтүп жатканын айтып, эч нерседен коркпой эмдөөдөн өткөнүн билдирди.

«Биз COVID-19га каршы эмдөөнү аябай эле күткөнбүз. Январда эле арыз калтырганбыз. Бүгүн Тез жардам кызматынан 5 киши эле келиши керек дегенинен, бешөөбүз эле келдик. А чынында биздин Тез жардам кызматында вакцина алууну каалагандар көп». 

Ал эми Бишкектеги поликлиникалардын биринде иштеген Толкун Кошунбаева эмдөөдөн өтпөй турганын айтты.

«Мен өзүм ошол эмдөө кабинетинде иштейм, бирок өтө элекмин. Вакцина алганга да даяр эмесмин. Анын үстүнө Кытайдан келиптир. Биздин поликлиникада баары эле жактырбай жатышат «өтпөйбүз» депчи. Анан эл менен чогуу болобуз да. Аларды ынандырганга да болбойт, баары өз ыктыяры менен алат. Менин оюмча, Кытайдан алып келбей эле койсо болмок, анткени элдин баары «китайский» дегенден жүрөктөрү түшүп коркуп калышкан. Анан эч нерсе деп айта албайм». 

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 150 миң вакцина келген болсо, анын 600 дозасы Ош шаарына берилген. Анда алгачкы вакцинаны Ош облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Салтанат Орозбаева алды. Андан кийинки вакцинаны Ош шаардык бириккен клиникалык оорукананын башкы дарыгери Кыял Ташполотова алды.

Кошумчалай кетсек, 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза Кытайдын «SinoPharm» вакцинасы Кыргызстанга 19-мартта келген.

Copyright © 2017 Maral FM