Биз менен байланышыңыз

УКМК: Ден соолукка зыян синтетикалык дары өндүрүп саткан шектүү кармалды

Кыска кабар | 20 Апр 2021 | 843 | 0

Өлкө аймагында «Мефедрон» аталышындагы синтетикалык дары-дармектерди чыгаруу боюнча турукташкан баңги тобунун иши аныкталып, ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Билдирүүдө маалымдалгандай, А.И. аттуу адамдын жетекчилиги астында дары-дармектерди үзгүлтүксүз өндүрүү үчүн бардык талаптарга жооп берген дары лабораториясынын иштөөсүн уюштуруу менен жаштардын арасында синтетикалык дары-дармектерди сатуу каналын түзгөн.

Ал 16-апрелде синтетикалык баңгизаттарды өндүрүү ишинин жана аларды өзгөчө ири масштабда сатуу аракеттеринин негизинде кармалган.

18-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган А.И. №1 тергөө жайына 2 айга камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Учурда тергөө иши жүрүп жатат.

Баасы 1 гр болгон «Мефедрон» Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында болжол менен 5000-6000 сомду түзөт. Аны колдонуу адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу, нерв системасына терс таасирин тийгизет.

Copyright © 2017 Maral FM