Биз менен байланышыңыз

ИИМ: 15-апрелдеги митингчилерди куугандар милиция кызматкерлери эмес

Кыска кабар | 18 Апр 2021 | 1136 | 0

15-апрель күнү Ички иштер министрлигинин имаратынын алдындагы айымдарга карата зордук-зомбулукка каршы митинг тууралуу ИИМ билдирүү таратты.

Анда орун алган чагымчылдыкка Ички иштер министрлигинин тиешеси жоктугу айтылган.

Ошол күнү саат 12:40та ИИМдин имаратына бардык митингге каршы болгон митингчилердин экинчи тобу келди. Болот Темиров сөз болуп жаткан 2-топту ИИМ түзгөн, бул боюнча жогору жактан тапшырма берилген деген маалыматы чындыкка жатпайт. Тасмада көрүнүп тургандай, ал жерде милиция кызматкерлери да болгон. Бирок алар түшкү тыныгуу учурунда эки тараптын ортосунда пикир- келишпестиктер болуп кетпешин алдын алуу максатында болушкан,-деп түшүндүрдү министрлик.

Белгилей кетсек, 15-апрель күнү Айзада Канатбекованын өлүмү үчүн Ички иштер министринин отставкасын талап кылган жарандар министрликтин алдына митингге чогулушкан. Нааразычылык акциясы жүрүп жаткан маалда белгисиз 50дөй жаран келип, аларды министрликтин имаратынын алдынан кууп чыгышкан. Митингдин катышуучулары бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү экенин айтып айыпташкан. Кийин блогер Болот Темиров белгисиз адамдар министрликтин буйругу менен чыгышканын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM