Connect with us

Бишкекте 3 жашар кызды уурдоого шектүү жаран кармалды

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 2982 | 0

Бишкекте 3 жашар кызды уурдоого шектүү жаран кармалганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде болжол менен саат 13:36лар чамасында «102» кызматына Горький жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей кыздын уурдалышы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн.

Окуя болгон жерде 33 жаштагы В.И. аттуу аял жарандык никедеги жолдошу 3 жаштагы кызын «BMW X5» үлгүсүндөгү унаага салып, уурдап кеткенин айткан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары 39 жаштагы Ш.Ф.аттуу жаранды кармашкан.

Шектүү Октябрь райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Copyright © 2017 Maral FM