Биз менен байланышыңыз

Коронавирус дагы 222 адамдан табылып, төрт бейтап көз жумду

Кыска кабар | 8 Апр 2021 | 1633 | 0

Кыргызстанда 8-апрелге карата коронавирус дагы 222 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 183, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 24, Ысык-Көл облусунда – 4, Нарын облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда бир адамдан табылган.

Ошол эле учурда сутка ичинде 111 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 69, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 33, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 3 адам сакайды.

Мындан сырткары сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте үч, Чүйдө бир адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 712 бейтап, амбулатордук түрдө 870 адам дарыланууда. 528 бейтаптын абалы «орто оор» деп бааланса, 158 адамдын абалы оор жана 24 бейтап өтө оор абалда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми бир суткада стационардан 4, үй карантининен эки медкызматкер айыгып чыккан. Пандемия башталгандан бери 4 миң 294 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 221 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери жалпы 89 миң 660 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 607 киши айыгып чыкса, 1 миң 516 адам каза болду.

Copyright © 2017 Maral FM