Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 417 адам коронавируска каршы эмделди

Кыска кабар | 2 Апр 2021 | 1321 | 0

Кыргызстанда бүгүнкүгө карата COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы 417 адам эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бир суткада жалпы 113 адам эмделген. Бишкекте жалпы 177, Ошто 173, Чүй облусунда 62 адам вакцина алды.

Эскерте кетсек, биринчи этапта “SinoPharm” кытай вакцинасы менен 75 миң адам эмделет.

Бишкекте 5 эмдөө пункту Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында жайгаштырылды.

Чүй облусунда Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту ачылды.

Ошондой эле, Ошто №8 жана №10 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында 2 пункт ачылган.

Биринчи этапта жандандыруу бөлүмүнүн, жугуштуу оорулар ооруканасынын, тез жардам дарыгерлери, оорунун очогунда иштеп жаткан эпидемиологдор, андан тышкары мугалимдер, Чек ара, Бажы кызматынын жана ИИМдин кызматкерлери эмделишет.

Copyright © 2017 Maral FM