Биз менен байланышыңыз

Бишкектин көчөлөрүнө 15 миң электр лампасы орнотулат

Кыска кабар | 1 Апр 2021 | 1254 | 0

Быйыл Бишкек шаарынын көчөлөрүнө 15 миң электр лампасы орнотулат. Бул тууралуу маалымат жыйында «Бишкек жарык» муниципалдык мекемесинин жетекчиси Алимбек Абдылдаев билдирди.

Абдылдаев «Бишкек жарык» мекемесинин быйылкы бир жылдык бюджети 320 млн сомду түзөрүн айтып, бир лампанын наркы 2 миң 500 сом экендигин кошумчалады.

«2019-жылы кышка чейин 7 миң лампа, 2020-жылы 13 миң 500 лампа орнотулду. Шаардын ичи эле эмес, жаңы конуштар да жарыктандырылды. Быйыл 3-4 миңдей лампа орнотуп койдук. Алардын санын 15 миңге жеткирели деп жатабыз», — дейт ал.

Copyright © 2017 Maral FM