Биз менен байланышыңыз

Коронавируска каршы эмдөө ыктыярдуу жүргүзүлөт

Кыска кабар , Пикирлер | 31 Мар 2021 | 891 | 0

Коронавируска каршы эмдөө ыктыярдуу жүргүзүлөт. Бул тууралуу №12 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Диляра Искакова «Маралга» билдирди.

Анын айтымында, биринчи этапта «кызыл тилкеде» иштеген медицина кызматкерлери, жалпы дарыгерлер, билим берүү тармагында, күч түзүмдөрүндө иштеген кызматкерлер эмделет.

Эмдөөдөн өткөндөр бир ай бою дарыгердин көзөмөлүндө болот.

Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасын колдонууга Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму уруксат берген. «SinoPfarm» вакцинасы 65 мамлекетте колдонулуп, 12 миллиондон ашык адам эмдөөдөн өткөн. Эмделгендердин абалы оорлошкон учурлар байкалган жок.

«Вакцина келгенге чейин коомчулукка маалымат берүү иштери жүргүзүлүп, вакцина боюнча семинарлар, медицина кызматкерлерине тренингдер уюштурулду», — дейт Искакова.

Эске салсак, 29-мартта өлкөдө Кытайдан келген «SinoPfarm» вакцинасы менен эмдөөнүн алгачкы этабы башталган. Биринчилерден болуп Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев эмделген.

Copyright © 2017 Maral FM