Биз менен байланышыңыз

Айжигитов: Кыргызстанга көбүнчө саясий инвестиция келет

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2021 | 815 | 0

Өзбекстан менен Кыргызстандын экономикалык философиясы — эки башка. Бул багытта кайсы өлкөнүкү жакшы экенин 30 жылдык тажрыйба көрсөттү. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун экс-губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан ийнеден тартып, учакка чейин өндүрүүдө. Ал эми Кыргызстан өзүнө керектүү азыктардын 80%ын сырттан импорттойт. Калган 20%дын да курамында импорттук товарлар бар. Кыргызстан азык-түлүктүн 90%ын өлкөдөн өндүрсө болот. Бирок бул багытта саясат жүрбөй жатат.

Финансылык, инвестициялык механизмдерди түзүү зарыл. Кыргызстандын стратегиялык пландарында өнүгүүгө эч нерсе каралган эмес.

«Бизде узак мөөнөттүү стратегиялык, финансылык, инвестициялык программа жок. Баары эле «инвестор келип жыргатып коёт» деп ойлойт. Кыргызстандын өнүгүүсү менен инвестордун эч кандай иши жок, алар акчасын киреше табуу үчүн салышат. Экономикабыз өнүккөндө биз да сапаттуу инвесторлорду тандап калабыз. Өлкөгө келгендин баары — саясий инвестициялар. Алар Өкмөттүн кепилдиги менен келип жатат. Алардын арасында гранттар да бар. Грант акча менен кайтарылбаса да, бекер эмес, эгемендүүлүктүн эсебинен төлөнөт. Андан көрө насыя жакшы», — дейт Айжигитов.

Copyright © 2017 Maral FM