Биз менен байланышыңыз

Айжигитов: Президенттер расмий кеңешчилерди эмес, көмүскөдөгүнү көп угат

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Мар 2021 | 1313 | 0

Президенттерде расмий кеңешчиден сырткары, көмүскө кеңешчилер толтура. Мындай пикирин мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун экс-губернатору Султанбай Айжигитов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурдагы өлкө башчы Курманбек Бакиевдин кеңешчилери еврейлер болгон. Туңгуч президент Аскар Акаевдин чет өлкөлөрдөн келген 20дай кеңешчиси бар эле. Ар бир министрде жок дегенде бештен кеңешчи болчу. Ал эми расмий дайындалган кеңешчилердин аналитикаларын, сунуштарын көпчүлүк учурда эске алышпайт. «Серый кардиналдардын» жетегине түшүп алышат, — дейт мамлекеттик ишмер Айжигитов.

«Коррупциялык-олигархиялык системаны Акаев орноткон, бул — анын эң чоң күнөөсү. Тилекке каршы, бул системаны эч ким өзгөртүсү келбейт. «, — деп кошумчалады Султанбай Айжигитов.

Copyright © 2017 Maral FM