Биз менен байланышыңыз

Жакынкы күндөрү Тажикстанда COVID-19га каршы массалык эмдөө башталат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Мар 2021 | 468 | 0

Жакынкы күндөрү Тажикстанда COVID-19 коронавирусуна каршы эмдөөнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу «Авеста» басылмасы өлкөнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Ага ылайык, учурда COVID-19га каршы эмдөөнү баштоого даярдык көрүлүп жатат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин планына ылайык, коронавируска каршы эмдөө Дүйшөмбү шаарындагы медициналык кызматкерлерден башталып, акырындык менен аймактарда уланат.

Коронавируска каршы иммунитеттин толук пайда болушу үчүн AstraZeneca вакцинасын 8-12 жума аралыгында эки дозадан ичүү керектиги айтылат.

COVAX механизми боюнча алынган вакциналар менен Калкты иммундаштыруунун улуттук планына ылайык, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, улуттук экономиканын стратегиялык тармактары, 60 жаштан жогорку жарандар, жугуштуу эмес өнөкөт оорулар менен ооруган адамдар жана саламаттыкты сактоо кызматкерлери эмдөөдөн өтөт.

8-мартта Тажикстан COVAX механизминин алкагында 192 миң дозада AstraZeneca коронавирус вакциналарынын биринчи партиясын алды.

Жалпысынан, Тажикстан жогоруда айтылган ДССУ механизминин алкагында 624 миң доза AstraZeneca вакцинасын алат.

Copyright © 2017 Maral FM