Биз менен байланышыңыз

«Парламент башын кумга каткан органга айланды»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Мар 2021 | 613 | 0

Парламент мамлекеттик кызыкчылык турган жерде башын кумга каткан органга айланды. Бул тууралуу журналист, саясий эксперт Айданбек Акматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламент «Жерүй» алтын кени боюнча маселеде чечкиндүү турганда, бийлик бутактары бир багытта иштегенде жыйынтык башкача болмок.

«Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев коркутууга алып эле «Жерүй» маселесин чечип алды. Кенде экологиялык тобокелчиликтер сакталат. Экотехинспекциянын ролу да төмөндөп баратат. Экология менен экономика канатташ болушу керек. Экологияга зыян келтирбей кен иштетүүгө үйрөнүшүбүз керек», — дейт Акматов.

Copyright © 2017 Maral FM