Биз менен байланышыңыз

Чет өлкөдө жүргөн мекендештер керектүү документтерди онлайн ала алышат

Кыска кабар | 11 Мар 2021 | 619 | 0

Кыргызстандын чет жакта жашаган жарандары үчүн «Суратып алуу» автоматташтырылган маалыматтык системасы ишке кирет. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Чечим Кыргызстандын аймагынан сырткары жүргөн мекендештерге көмөк көрсөтүү максатында кабыл алынып, ага премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Мындан ары чет жердеги жарандар бул система аркылуу Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан социалдык-укуктук мүнөздөгү ар түрдүү документтерди, айталы, салыктык карыз, пенсия, иштеген убагындагы айлыгынын өлчөмү, соттолбогонун аныктоо сыяктуу маалымкаттарды сурап, айдоочулук күбөлүктүн,  билими тууралуу күбөлүктүн жана башка ушул өңдүү документтердин аныктыгын тастыктата алышат. Тейлөө «Түндүк» электрондук тутумунун алкагында онлайн түрүндө же жазуу түрүндө жүргүзүлөт.

Берилген электрондук маалымкаттар консулдук кызмат адамынын электрондук колу менен күбөлөндүрүлөт, анын аныктыгын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтынан текшерүүгө болот.

Токтом жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM