Биз менен байланышыңыз

«Кабыргалары сынган». Акыйкатчы жоокерлердин укугун коргоону талап кылды

Кыска кабар | 10 мая 2024 | 166 | 0

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Коргоо министрлигинин Аскердик госпиталында мониторинг жүргүзүштү. Мындай аракеттер армиядагы жоокерлердин зомбулукка кабылуусун алдын алуу максатында жүргүзүлдү.

Аскер госпиталынын каттоо журналынын маалыматы боюнча 2024-жылдын 1-январынан 26-мартына чейин 607 жаран кайрылган, алардын 139 катардагы жоокерлер (21%).

2023-жылы аскер госпиталына жалпы 2160 аскер кызматкери кайрылган, анын ичинен 663 катардагы жоокер (31%).

Былтыр аскерлердин саламаттыгын текшерүү учурунда 37 жоокерден бөйрөк оорусунун жетишсиздиги аныкталган. Быйылкы жылдын биринчи кварталында эле 21 аскерден жогордогудай оору аныкталган.

2023-жылы 87 аскерден варикоцеле оорсу табылса, 2024-жылдын биринчи кварталында 42 аскерден аныкталды.

Эркектердин 40% тукумсуз болуп калышынын себеби, варикоцеле оорусу.

Мониторинг учурунда, аскерге чакырылган жоокерлердин аскердик госпиталга келип жатышынын бирден-бир себеби, медициналык комиссия учурунда аныкталбаган өнөкөт же башка оорулардын физикалык күч келүүсүнөн улам курчуп жатканы белгилүү болгон.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, медициналык комиссияда ультуразвук аппараты (УЗИ) жок болгондуктан, алардын ички органдарына текшерүү жүргүзүлбөйт. Мындан сырткары, аскер кызматы учурунда госпиталга ар кандай жаракаттар менен жиберилет.

Уставга ылайык, мындай учурда тиешелүү кызматтарга, анын ичинде аскер прокуратурасына бул тууралуу маалымат жиберилет.

2024-жылдын биринчи кварталында Аскер прокуратурасына жогорудагыдай 16 билдирүү жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 10 жоокер 73809 аскер бөлүгүнөн.

Акыйкатчы институту Аскер прокуратурасына кызмат өтөө учурунда ар кандай жаракат алган жоокерлердин укуктарын камсыз кылуу боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу расмий суроо-талап жөнөткөн.

Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2024-жылдын биринчи кварталында аскер госпиталына жалпысынан 15 аскер кызматкери кайрылган.

Аскер кызматкери  кабыргалары сынган, буттары, колдору ар кандай травматикалык контузия жана башка жаракаттар менен кайрылышкан. Эки жоокер ийне жутуп алгандыгына байланыштуу аскердик госпиталга түшкөн.

Аскер прокуратурасынын расмий жообуна ылайык, айрым фактылар боюнча, жоокерлер мындай жаракаттарды аскер кызматкерлеринин өздөрүнүн этиятсыздык аракетинен улам алганы айтылат.

«Айрым жоокерлер катуу ур-токмокко кабылгандан кийин да, окуя тууралуу айтуудан баш тартышат. Ошондуктан алардын укуктарынын камсыздалышы тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүл чордонунда болушу керек» , —  деп билдирди Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева.

Copyright © 2017 Maral FM