Биз менен байланышыңыз

5000 сомдук банкнот жаңы үлгүдө чыгарылды

Кыска кабар | 10 мая 2024 | 346 | 0

Кыргызстандын Улуттук банкы 10-майдан тарта  жаңыланган 5000 сом банкнотун жүгүртүүгө чыгарды.

2023-жылдын үлгүсүндөгү 5000 сом банкнотунун алдыңкы бетинде актёр жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун элеси, арткы бетинде «Ала-Тоо» кинотеатрынын имараты сакталган. Банкноттун негизги түсү жана өлчөмү өзгөрүүсүз калган.

5000 сом номиналындагы банкнот жасалма акча жасоодон ишенимдүү коргоону камсыз кылган, үч деңгээлден турган заманбап коргоо элементтер комплексин камтыйт.

Улуттук валютанын бардык банкноттору Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана чыгарылган жылына карабастан, төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Буга чейин, сомдун отуз жылдыгына карата улуттук валютанын жаңы бешинчи сериясындагы 200, 500 жана 1000 сом номиналындагы банкнотторду жүгүртүүгө чыккан.

Быйыл жыл башында улуттук валютанын 20, 50, 100 сом номиналындагы жаңы 5-сериядагы банкноттору жүгүртүүгө киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM