Биз менен байланышыңыз

Президент алтын куймалары жөнүндө видеого комментарий берди

Кыска кабар | 10 мая 2024 | 303 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргызстандан чет өлкөгө алтын чыгарылып кетүүдө» деген видео боюнча «Кабар» улуттук агенттигине маек курду.

Ал мамлекетке тийиштүү алтын кендерден бир грамм алтынды эч ким уурдай албай турганын билдирди. Өкмөткө тиешелүү бардык алтын кендерге, Кара-Балтадагы аффинаждык заводго видео-камералар коюлганын, баары онлайн режимде иштей турганын айтты.

Садыр Жапаров президенттик мөөнөтү бүтүп, кызматын тапшырарда өзү, бир-туугандары, бала-чакасы өлкөгө кайдан инвестиция кылып алып келгени, кайсыл мекемелерди курушканы, кайсы тармакка канча каражат салганы жөнүндө ар бири отчёт берерине ишендирди.

«Биз бүгүнкү бийликте отурган командабыз жана бир туугандарыбыз менен өлкөдөн чыгарып кетүү эмес, өлкөбүзгө ташып келүү менен алекпиз. Мисалы, мага чейин жана мен бийликке келгенден баштап алтындан кандай пайда алганыбызды статистикалык маалыматтар, сандар менен айта кетейин. Ушундан эле мурда кандай уурулуктар болгонун өзүңүздөр жыйынтык чыгарсаңыздар болот. Азыр мурдагыдай уурулук токтогон.

“Кыргызалтындан” 2020-жылга чейин таза киреше болгону 340 млн сом гана болгон.

2021-жылы дароо эле 2 млрд 700 млн сомго көтөрүлгөн.

2022-жылы 5 млрд 600 млн сом болду.

2023-жылы 12 млрд 600 млн сомго жетти.

Мындай сандар бир эле “Кыргызалтын” менен “Кумтөрдө” эмес, бажы менен салык системасында дагы ушундай көтөрүлдү.

Ал эми “Кумтөрдүн” алтыны боюнча кеп кылсак, таптакыр эле башка сөз.

Эгемендик алган жылдарыбыздан бери 2020-жылга чейин улуттук запасыбыз болгону 16 тоннага жеткен. Бүгүнкү күндө биздин улуттук запасыбыз 52 тоннаны түзөт.

Бул биздин акыркы үч эле жылда жетишкен ийгилигибиз. Жылдын аягына чейин бул сан дагы жогорулайт. Ошондуктан ар кандай жасалма видеолорго ишеничтин кереги жок» , — деди Садыр Жапаров.

Алтын куймалары боюнча видео тасма тарап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети видеону чагымчыл деп атап, аны даярдоого республиканын чегинен тышкары жүргөн, аларга карата мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон айрым жарандар тартылганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM