«Бишкекгаз» газ кызматы орто жана төмөнкү басымдагы газ өткөргүчтөрдө оңдоо иштерине байланыштуу борбордун бир катар көчөлөрү менен чектешкен райондорунда жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдады.
13-14-майда Садырбаев, Масалиев, Абдрахманов, Бакаев көчөлөрүндө,
14-16-майда Манасчы Сагынбай, Ч.Валиханов, Загорский, Аламедин 1 кичи районунда,
15-17-майда Гагарин, Садырбаев, Термечиков көчөлөрү менен чектешкен райондордо жаратылыш газы өчөт.
«Бишкекгаз» газ кызматы абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.