Биз менен байланышыңыз

«Тирүү калгандар жок». Иран президенти кырсыктаган тик учак табылды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 мая 2024 | 768 | 0

Кечээ, 19-майда Ирандын президенти учуп бара жаткан тик учак Иран-Азербайжан чек арасындагы тоолордо кырсыктаганы маалым болгон.

Учурда Ирандын телеканалдары Иран Кызыл Жарым Ай коомунун маалыматына таянып, кырсыкка кабылган тик учактын жайы аныкталганын, ал толугу менен күйүп кеткенин билдирди. «Тилекке каршы, тик учактын ичиндеги жүргүнчүлөр да, экипаж мүчөлөрү да тирүү калган эмес», — деп айтылат маалыматта.

Тик учакта Иран президенти Ибрахим Раиси менен тышкы иштер министри Хусейн Амир Абдоллахиян жана бир катар чиновниктер болгон.

Белгилей кетсек, 19-майда Иран президенти тик учак менен Азербайжанга учуп келген. Анда Азербайжан президенти менен Илхам Алиев менен жолугушуп, Иран менен Азербайжандын чек арасына курулган суу сактагычтын ачылышына катышкан.

Ал тик учак менен учуп бара жатып, коюу тумандан улам тик учак Иран-Азербайжан чек арасындагы тоолуу аймакка конууга мажбур болгону айтылган.

Ирандын расмий маалымат булактары коюу туман куткаруу иштерин кыйындатканын жазды. Түркия, Орусия өлкөлөрү Иран президентин издөөгө жардам колун сунган. Ал эми Түркиянын «Акынжы» учкучсуз учагы жардамга келип, тик учак кырсыктаган жайды аныктоого жардам бергени айтылды.

63 жаштагы Ибрахим Раиси 2021-жылы президент болуп шайланган. Ал эки турга созулган шайлоо процесси менен келген. Бийликке келгенден кийин бийликке каршы нааразычылык акцияларына чыккандарга карата катаал жазалары менен таанымал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM