Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда чет өлкөгө жумушка жөнөткөн 169 агенттик бар

Коом | 20 мая 2024 | 400 | 0

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, учурда өлкөдө 169 чет жакка жумушка жөнөткөн агенттик бар. Алар 27 мамлекетте жумушка орношууга жардам берет. Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстан учурда Корея, Улуу Британия, Германия сыяктуу мамлекеттер менен келишим түзгөн. Ошол эле учурда министрлик акыркы убакта чет өлкөдөн жумуш таап берген ортомчу компаниялар көбөйгөнүн эскертип, жарандарды алданбоого чакырат.

Окуу жылы аяктап, чет жакка убактылуу жумушка барган студенттер көбөйүүдө. Алардын арасында улуу курактагы адамдар да бар.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун Калкты иш менен камсыз кылуу жана мигрантатардын укугун коргоо башкармалыгынын башчысы Арслан Байсопуев бүгүнкү күндө министрлик тарабынан 169 ишканага уруксат кагазы берилгенин маалымдады.

Анын айтымында, уруксат кагаз атайын комиссиянын чечиминин негизинде берилет.

Ал министрлик чет өлкөгө жумушка орноштурган компанияларды текшерип турарын, мыйзам бузуулар катталса тиешелүү органдарга кайрыларын айтты.

«Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун ыйгарым укуктары жарандарга чет өлкөдө жумушка орношууга көмөк көрсөтүү жана туура маалымат жеткирүү. Ошол эле учурда Кыргызстандын аймагында жарандардын чет өлкөгө баруусуна көмөк көрсөткөн агенттиктерге уруксат кагазын берүү боюнча атайын ведомстволор аралык комиссиянын чечиминин негизинде берилет. Агенттиктердин жалпы саны бүгүнкү күндө 169, алар дүйнөнүн 27 мамлекетине жөнөтө алышат. Биздин борбордун ыйгарым укуктары болуп булардын ишмердүүлүнө көзөмөл жүргүзөбүз. Эгер кандайдыр бир мыйзам бузуулар байкала турган болсо, анда ведомстволор аралык комиссиянын негизинде убактылуу токтотуу, жокко чыгаруу же тиешелүү укук коргоо органдарына маалыматтарды жиберилет. Тагырагы Ички иштер министрлиги атайын көзөмөл жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат. Мамлекеттик деңгээлде келишим түзүлгөн өлкөлөр – Корея, Улуу Британия, Германия ушул сыятуу бир канча мамлекетте менен түз келишимдерибиз бар».

Жыл башында министрлик кыргызстандыктарды Словакияга жумушка мыйзамсыз жөнөткөн компанияны аныктаган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө ишкананын каттоодон өтпөгөнү, жарандарды чет өлкөдө ишке орноштурууга уруксат кагазы жок экени белгилүү болгон. Жумушчуларды башка өлкөлөргө социалдык жактан корголушуна жана эмгек коопсуздугуна кепилдик бербестен жөнөтүп турушкан.

Муну менен катар акыркы убакта чет өлкөдөн жумуш таап берген ортомчу компаниялар көбөйүп жатат. Ошол эле учурда же акчадан жок, же чет өлкөдөгү иштен жок калгандар да аз эмес. Жөнөткөн компания менен келишим түзгөндөрдүн айтымында, бир тайпада 15-20 адам окуса, алардын ичинен 5-6 гана жаран ишке орношот. Ал эми ишканалар кайрылгандардын баарын жумушка жөнөтүүгө убада берет.

Гүлнура Тургунбаева Бишкектеги чет жакка жумушка жөнөткөн компаниялардын бирине 30 миң сом төлөгөн. Анын айтымында, компания ар бир кайрылган жарандын жумушка орношуусуна 100 пайыз кепилдик бар деп ишендирген. Тайпада 20 адам окуса, анын жетөө гана Англияга кеткен.

«Өткөн жылы Англияга жумушка жиберген компанияга кайрылганмын. Алар менен сүйлөшүп, документтерди даярдап, окуп баштаганбыз. Биздин группада жалпы 20 адам болгон. Төлөм жүргүзүп, кете турган убак болгондо биз алардан документтер тууралуу сурап баштаганыбыз. Бизге группадан 7-8 адамга эле виза чыкты деп айтышкан. Ошентип калгандарыбыз бара албай калганбыз. Акчаларыбыз кайтарылабы деп сураганда, сиздердин окууңуздарга кетти деп айтышкан».

Бишкек шаарындагы чет мамлекеттерге жумушка жөнөткөн компаниялардын бирине кайрылдык. Ишкананын менеджери Айпери Сүйүнбаева 9 жылдан бери кыргызстандыктарды чет өлкөгө жумушка жөнөтүп келерин белгиледи.

Ал ишкана кайрылгандарды Польша, Литва, Венгрия жана башка өлкөлөргө жумушка орноштурарын айтат.

Сүйүнбаева жылына компания аркылуу 400-500 адам башка өлкөгө жумушка кетерин билдирди.

«Биздин компания 2015-жылдын 25-октябарынан бери иштейт. Польша, Литва, Латвия, Венгрия, Словакия, Болгария, Түркая менен иштешүүгө лицензиябыз бар жана ушул мамлекеттерге жумуштарга жөнөтөбүз. 18 жаштан 55 жашка чейинкилерди тандап алабыз жана тажрыйбасына да маани беребиз. Эгер кайрылган адамдын кесиби болсо, ошого карап жөнөткөнгө аракет кылабыз. Ал эми тажрыйбасы жок болсо, анда заводдорго жөнөкөй жумушчу кылып жөнөтөбүз. Анткени ал жакта үйрөтүлөт. Заводдор ар кандай болот. Автоунаа чыгарган же болбосо складдар. Жылына 400-500 адамды жумушка орноштурабыз. Түркия, Болгарияга 3-6 айга барышат. Ал эми виза 1 жылдык болот. Биз жиберген бардык завод, складдарда орус тилдүү координатор болот. Алар алгач барганда үйрөтүп, көрсөтүп беришет».

Өткөн жылы жарандарды чет өлкөлөргө жумушка жөнөтүү менен алектенген жеке агенттиктердин ишин жөнгө салуучу Жобону жаңыртуу сунушталган.

2022-жылы 10 миңден ашык кыргызстандык чет өлкөгө иштөө үчүн кеткен. Агенттиктер аркылуу жумушка баргандар көбүнчө тейлөө тармагына орношот.

Акыркы кезде уруксат кагазы жок иштеген, жарандарды алдоо жолу менен акча тапкан компаниялар көбөйүүдө. Буга чара көрүү үчүн жеке агенттиктерди көзөмөлдөө сунушталды.

Чет өлкөдөгү жеке ишке орноштуруу агенттигинин мыйзамдуулугун www.migrant.kg сайтынан текшерсеңиз болот.

Copyright © 2017 Maral FM